Баткенде күрүчтү кайра иштетип, таңгактоочу ишкана ачылды

Аймак 07 Август 2025 15:00
529678594_1295235261969926_1188501658345609896_n.jpg
529903373_1295235565303229_5480943095622293789_n.jpg
530202671_1295235348636584_7175172104821361986_n.jpg
528051583_1295235301969922_5269912682819773364_n.jpg
528153154_1295235331969919_6832315142772845270_n.jpg
528383660_1295235398636579_206831387485944143_n.jpg
528523206_1295235355303250_5562868982700286459_n.jpg
528749510_1295235551969897_2088790276954082791_n.jpg
528764742_1295235448636574_922087202851859465_n.jpg
528928859_1295235498636569_7656243426900925916_n.jpg
529023020_1295235268636592_7166951065947593526_n.jpg
529217102_1295235595303226_6372924360211497256_n.jpg
529242642_1295235461969906_1246790282770799431_n.jpg
529259952_1295235415303244_8025874438939290985_n.jpg
529346171_1295235508636568_8910863210552520666_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 07.08.25 /Кабар/. Кадамжай районунун Миң-Чынар айылында "Ак-Турпак Групп" ЖЧКсынын күрүчтү кайра иштетип, таңгактоочу ишканасы ачылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары,айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыяр Токсонбаев жана айыл тургундары катышты.

Жаш ишкер Алина Исакова жетектеген өндүрүш ишканасы буга чейин улуттук ыкмада, кол эмгеги менен күрүчтү актоо жана таңгактоо жумуштарын жасап келген.

Учурда ишканага АРИС тарабынан ишке ашырылып жаткан "Баткен облусун региондук экономикалык өнүгүүсү долбоорунун алкагында 15 млн 600 миң сомдук заманбап жабдуулар жана техникалар сатып алынган.

Аталган жабдуу саатына 1 тонна 200 кг күрүчтү актайт.

Калдыксыз өндүрүш жасоо максатында ишкана күрүчтүн кебегинен косметикалык каражаттарды жана топонунан курулуш материалдарын жасоону колго алган.

Баткенде өндүрүлгөн күрүчтүн ак турпак, лазер, девзире түрлөрүнө суроо талап жогору.
Ишкана учурда таңгакталган күрүчүн ички рынокто Бишкектеги соода дүкөндөрүнө жана Россия, Өзбекстан, Америка өлкөлөрүнө экспорттоп жеткирди.

Учурда ишканада 15ке жакын жумуш оруну түзүлдү.