Бишкек, 27.08.26. /Кабар/. Баткен облусунда өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилөөгө карата даярдыктын жүрүшү талкууланды.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жыйын өкүлдүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаевдин төрагалыгында өтүп, ага район-шаарлардын жетекчилери, күч түзүмдөрүнүн жана мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышты.

Жыйында майрамдык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү, облуска келген коноктордун жана жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыздоо боюнча тапшырмалар берилди.
"Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы 31-августта Баткен облусунун район-шаарларында белгиленет. Майрамдык программа улуттук оюндарды, көргөзмөлөрдү жана маданий иш-чараларды камтыйт",-деп белгилешти өкүлчүлүктөн.