Баткенде дээрлик 5 га жер мамлекетке кайтарылды

Аймак 30 Июль 2025 10:01
524822262_1594265788199090_6975434094908173166_n.jpg
525009912_1594265804865755_969646185960634876_n.jpg
525204418_1594265778199091_3606057877036939937_n.jpg
Алдыга
Артка
524822262_1594265788199090_6975434094908173166_n.jpg
525009912_1594265804865755_969646185960634876_n.jpg
525204418_1594265778199091_3606057877036939937_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 30.07.25 /Кабар/. Баткен районунун Жаңы-Жер айылындагы жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен бидиришти.

Атайын кызмат тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик мүлктү аныктоо жана кайтарып алуу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында Баткен районунун Жаңы-Жер айылындагы жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы аныкталды.

Тактап айтканда, 2001-жылы Дара айыл башкармалыгынын (азыркы Төрт-гүл) жана Баткен райондук администрациясынын токтомдорунун негизинде аянты 4,95 га жер тилкеси 1985-2001-жылдары "Жаңы-Жер" шарап жана консерва цехтери муниципалдык ишканасынын жетекчисине мыйзамсыз берилген. Андан кийин алар участокту андан ары сатуу максатында мыйзамдаштырууга бир нече жолу аракет кылышкан.

Ошентип, "Кылмыштардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасынын маалыматтарды эсепке алуу журналында катталган тергөөгө чейинки текшерүүдө жер тилкеси мамлекеттик баланска кайтарылды.