Баткенде аскер бөлүккө таандык жерлер мамлекетке кайтарылды

Аймак Загрузка... 10 Ноябрь 2025 16:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 10.11.25. /Кабар/. Баткенде аскер бөлүккө таандык жерлер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы УКМК менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүүдө чек ара заставаларын уюштуруу үчүн берилген 2,59 га жер тилкелери 2001-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен жеке жактардын менчигине берилип кеткендигин аныктаган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы жана көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде жалпы баасы 42,1 млн сомдук жер тилкелер мамлекеттин менчигине кайтарылып, УКМКнын Чек ара кызматынын бир аскер бөлүгүнүн балансына өткөрүлүп берилди.