Баткенде айыл чарба жана кайра иштетүү багытындагы иштер күчөтүлөт

Аймак 5 октябрь 2026 16:35
IMG_8378.jpeg
IMG_8373.jpeg
IMG_8376.jpeg
IMG_8374.jpeg
IMG_8375.jpeg
IMG_8379.jpeg
IMG_8377.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_8378.jpeg
IMG_8373.jpeg
IMG_8376.jpeg
IMG_8374.jpeg
IMG_8375.jpeg
IMG_8379.jpeg
IMG_8377.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 05.10.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рысгүл Акимжанова Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Баткен районунда болду.

Ведомстводон билдиришкендей, иш-сапардын жүрүшүндө президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов менен жолугушуп, аймакты органикалык айыл чарба өндүрүшүнө өткөрүү, органикалык продукцияны өндүрүү жана кайра иштетүү, ошондой эле өнөр жай ишканаларын куруу маселелерин талкуулады.

Андан соң Баткен ветеринардык лабораториясынын, Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин Баткен башкармалыгынын жана өсүмдүктөрдү карантин лабораториясынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Мекеме жетекчилери аткарылып жаткан иштер жана көйгөйлүү маселелер тууралуу маалымат берип, анын ичинде квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигин белгилешти.

Көтөрүлгөн маселелер боюнча министрдин орун басары Баткен райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Илияс Сайфидиновго тиешелүү тапшырмаларды берип, айыл чарба, органикалык өндүрүш жана кайра иштетүү багытындагы иштерди күчөтүүнү тапшырды.