Бишкек, 07.10.26 /Кабар/. Баткен электр тармактар ишканасынын энергетиктери жыл башынан бери 52,5 чакырым СИП-2 жана СИП-3 өткөргүчтөрүн тартышты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматта белгиленгендей, өткөргүчтөрдү тартуу иштери Баткен облусунун Лейлек району, Кызыл-Кыя шаары, Кадамжай району жана Баткен районунда жүргүзүлүүдө.
“СИП өткөргүчтөрүн колдонуу электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, электр энергиясын берүүдө үзгүлтүктөрдү азайтууга жана тармактын коопсуздугун камсыздоого өбөлгө түзөт”, - деп айтылат маалыматта.