Баткенде 319 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Укук тартиби

Алдыга
Артка

copyright icon УКМК

Бишкек, 11.05.26. /Кабар/. Баткенде 319 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы 319 гектар жер тилкелери аныкталып, мамлекетке кайтарылды.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча көрсөтүлгөн жер участоктору айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондуна (136,52 га) жана Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн (182,51) балансына өткөрүп берилди.