Баткен облусунун уникалдуу жерлерин коргоо күчөтүлөт

Аймак 713 10 Март 2026 15:51
649694697_918858247433972_379767239502267591_n.jpg
649963561_918858240767306_2722828321944523189_n.jpg
649852177_918858244100639_2074844050571738927_n.jpg
Алдыга
Артка
649694697_918858247433972_379767239502267591_n.jpg
649963561_918858240767306_2722828321944523189_n.jpg
649852177_918858244100639_2074844050571738927_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек, 10.03.26. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Баткен облусуна болгон иш сапарында Кызыл китепке кирген атактуу Айгүл гүлү өскөн "Айгүл-Таш" коругуна барды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда министр Баткендин символу өзгөчө көңүл бурууга муктаж экенин баса белгилеп, инспекторлорго коруктун аймагында сейрек кездешүүчү өсүмдүктөргө эч ким зыян келтирбеши үчүн катуу көзөмөл жүргүзүүнү тапшырды.

Ошондой эле министр "Мадыген" жаратылыш эстелигине барды.

"Мадыген - бул биздин жалпы жаратылыш байлыгыбыз, аны келечек муундар үчүн сактоого милдеттүүбүз", - деди министр.

Мындан тышкары, инспекторлорго корук жайларындагы жаныбарлардын жашоосуна адамдар тарабынан зыян келтирбөө боюнча тапшырма берилди.