Баткен облусунда мыйзамсыз курулуштар буздурулууда

Аймак 17 Июль 2025 17:00
518375087_1279169996909786_7517942766386336447_n.jpg
518384283_1279170206909765_7725190058210015772_n.jpg
519420997_1279169913576461_6097319300198883740_n.jpg
520619555_1279169933576459_1815132742063143863_n.jpg
519252321_1279169906909795_1503145495233352359_n.jpg
Алдыга
Артка
518375087_1279169996909786_7517942766386336447_n.jpg
518384283_1279170206909765_7725190058210015772_n.jpg
519420997_1279169913576461_6097319300198883740_n.jpg
520619555_1279169933576459_1815132742063143863_n.jpg
519252321_1279169906909795_1503145495233352359_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 17.07.25. /Кабар/. Баткен облусунда аныкталган мыйзамсыз курулуштардын 80%ы бузулуп, калыбына келтирилүүдө. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.

Анда белгиленгендей, облус аймагындагы мындай иштер жарандардын жерлерди өз билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуусун алдын алуу, автоунаа жолдорунун жээгине тейлөө объекттерин мыйзамсыз жайгаштыруу жана башаламан соода жүргүзүү кырдаалын тартипке келтирүү максатында жасалууда.

30-июнга карата мааламат боюнча, мыйзамсыз курулган 1260 курулуш объектиси аныкталып, анын ичинен 805 объекти калыбына келтирилип, 271 жаранга эскертүү берилген. 11 жаранга айып пул салынган. 50 обьект сот органдарына өткөрүп берилип, дагы 52 объекттин документтери даярдалууда.

Ички иштер бөлүмдөрүнө 11 объект, архитектурага 9 объекттин документтери берилген, 51 объект муниципалдык менчикке өткөн.

Жалпы жол боюндагы 918 мыйзамсыз курулуш аныкталып, 729у буздурулду, 58 учуру укук коргоо органдарына өткөрүп берилди. Анын ичинен 639 объект, эл аралык унаа жолдордун боюндагы обьекттер экени аныкталды. Бүгүнкү күндө 466 объект жылдырылды. Сот органдарына 3 объект өткөрүлдү. Учурда мыйзамсыз курулуштарды аныктоо иштери уланууда.

Өкүлчүлүк мыйзамдарды бузуу менен жер тилкелерин, анын ичинде жеке турак жай куруу үчүн айыл чарба багытындагы жерлерди ээлеп алган, өзүнө бөлүнүп берилген жер тилкелерин жалпы пайдалануудагы жолдордун жана аймактардын эсебинен өз алдынча кеңейтип алган жарандарга кайрылып, мындай укукка каршы аракеттер үчүн жарандык, административдик жана кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралганын эскертти.