Башкы прокурордун жаңы орун басарлары жамаатка тааныштырылды

Коом 16 февраль 2026 13:23
637279631_1229366776049039_1262060383626000818_n.jpg
628852203_1229366742715709_940692635535283130_n.jpg
634422797_1229366772715706_6046811855629547259_n.jpg
636771766_1229366766049040_6063742572902653272_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 16.02.26. /Кабар/. Башкы прокурордун жаңы дайындалган биринчи орун басары Малик Бектурганов менен башкы прокурордун орун басары Залкар Акназаров эмгек жамаатка тааныштырылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, башкы прокурор Максат Асаналиев жаңы орун басарларына прокуратура органдарынын ишин мындан ары да системалуу өнүктүрүү, мыйзамдуулукту камсыз кылуу, тартипти жана жоопкерчиликти күчөтүү керектигин белгиледи.

Ошондой эле ал кызматкерлердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу боюнча маанилүү милдеттерди жүктөп, жооптуу кызматтарына ийгиликтерди каалады.