Башаламандык уюштурууга шектүүлөр 10-апрелге чейин камакка алынды

Укук тартиби Загрузка... 13 Февраль 2026 12:20
WhatsApp Image 2026-02-13 at 12.07.57.jpeg

Бишкек, 13.02.26 /Кабар/. Массалык башаламандыктарды уюштуруу иши боюнча кармалгандар 10-апрелге чейин камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Камакта калтырылгандар:

  • ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов;
  • "Элдик парламенттин" координатору, премьер-министрдин аппаратынын мурдагы жетекчиси Бекболот Талгарбеков;
  • Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аалы Карашев;
  • Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаев;
  • президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев.

Белгиленгендей, учурда Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан "Массалык башаламандыкка даярданууну уюштуруу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, буга чейин өлкөдө массалык башаламандыктарды уюштурууга шектелген бир нече адам кармалган.