Балыкчыда кол тамгаларды жасалмалаган жеке нотариус кармалды

Укук тартиби 1997 09 Апрель 2026 10:40
WhatsApp Image 2026-04-09 at 07.39.38.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-09 at 06.17.50 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-04-09 at 06.17.50.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-04-09 at 07.39.38.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-09 at 06.17.50 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-04-09 at 06.17.50.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon УКМК

Бишкек, 09.04.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Балыкчы нотариалдык округунун жеке нотариусу кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жеке нотариус К.Ж.З. кыймылсыз мүлктүн алуу-сатуу келишимин мыйзамсыз жол-жоболоштурган. Андагы документтерде тараптардын кол тамгалары жасалмаланганы аныкталды.

Бүтүм мүлктүн мыйзамдуу ээсинин катышуусусуз түзүлгөн. Жеке нотариустун бул аракеттеринин натыйжасында жабырлануучу мүлккө болгон менчик укугунан мыйзамсыз түрдө ажыратылган.

УКМК эгерде мындай окуялардан жабыркаган жарандар болсо +996 (3922) 51180, +996 555 540052 номерлерине байланышуу керектигин белгиледи.