Акыркы убактарда мектепке чейинки кенже курактагы балдардын тили кеч чыгып жаткандыктан, бул маселеге олуттуу кароо зарылчылыгы келип чыгууда. Ал эми бул көйгөйгө кабатыр боло турган адамдардын сап башында албетте ата-эне турушу керек. Адистер өзгөчө,эне биринчилерден болуп бул маселенин алдын алса боло тургандыгын белгилешет. Мындан улам, бүгүн бизге бул тууралуу эки кыздын апасы Курманбек кызы Мира айтып берип, өз тажрыйбасы менен бөлүшөт.
Баланын тилине курсактагы кезинен баштап кам көрүү зарыл
Учурда эки жаштагы жана үч айлык эки кыздын апасымын. Бала эненин үнүн курсактагы кезинен баштап таанып калат дегенге ишенем. Интуитивдүү түрдө байланыш бар деп эсептейм. Өзүм эмоциямды ачык чыгарбаган адам болгондугум үчүн кээ бир апалардай болуп үнүмдү чыгарып сүйлөшпөйм. Бирок ичимден сезимдеримди билдирем. Жакшы көрөрүмдү айтам. Өзүм анча кызыкпасам дагы патриоттук ырларды угуп, классикалык, дүйнөгө белгилүү чыгармаларды окуганга аракет жасайм.

Баланын тилин чыгаруудагы негизги аракеттер
Бала төрөлгөндөн кийинки эң биринчи аракет - ага туура жана так сүйлөгөндү үйрөтүп баштоо экен. Биз бала түшүнбөйт дегенсип, автоматтык түрдө эле “кака”, “няня” деген сыяктуу тилди бурмалаган сөздөрдү колдоно беребиз. Бирок, балада андай реакция болбойт экен. Андыктан, биринчи кезекте бала төрөлгөндөн баштап сүйлөшүп баштоо, экинчиден, туура жана так сүйлөө зарыл. Көп апалар бала түшүнбөйт деп сүйлөшпөй коюшат. Бирок балага жөнөкөй сөздөрдү айта берүү жакшы натыйжасын берерин түшүндүм.

Баланы өнүктүрүүдө оюнчуктардын жана оюндардын ролу
Адамдын физикалык кыймылы, башкача айтканда колунун манжалары мээ менен чогуу иштегендиктен, баланын майда моторикасын өнүктүрүү дагы анын сүйлөө жөндөмүнө таасир берерине көзүм жетти. Бул ыкманы практика жүзүндө колдонуп көрдүм. Мындан улам 2 жаштагы кызым сүйлөгөндү бат өздөштүрдү. Андан сырктары, баланын өнүгүшүнө оюнчуктар менен оюндар дагы абдан чоң жардам берет экен. Баасы кымбат деле оюнчугубуз жок. Биздин куралыбыз болгону - түстүү калем, барактар, желим, кайчы, маркелер ж.б. Ушул нерселер менен эле кыялыбыздагы каалаган нерсени жасап алабыз. Ашкана, тиричилик буюмдарын колдонобуз. Башкача айтканда үй шартында эле изденебиз.

Телефонду максаттуу колдонгон жакшы
Телефонду өнүгүү, изденүү максатында гана колдонобуз. Кыздарыбыз уктаган маалда гана карап, алардын көзүнчө телефон карабаганга аракет кылабыз. Аны таптакыр карматпайбыз деп дагы айта албайм. Улуу кызыбыз аз гана убакытка өзүнүн сүрөттөрүн, видеолорун көрөт. Бул балага жетиштүү деп ойлойм. Себеби, арка-аркасынан чыга берген видеолорду көрүп жатканда биздин коомго, маданиятка, адепке жат ар кандай видеолор чыгып баштайт. Бала көзү көргөн нерсени кайталай бергендиктен, мындай видеолорду көрсөткүм келбейт.
Китепке болгон мамиле
Бизде жомок окуу салты бар. Атасы экөөбүз кезеги менен окуп беребиз. Кызыбыз жомокторду оозеки укканды да жактырат. Кичинекей кезинен эле китепке болгон кызыгуусун арттыруу максатында сүрөтү бар, эски китептерди көрүнөө жерге - оюнчуктарынын арасына же китеп текченин ылдыйкы тактасына коюп койчумун. Мындан улам улуу кызыбыз китепке жакын. Кызыгып, барактап, суроолорду берет.

Өзүбүз да китеп окуйбуз. Эне болгондон тарта балдарга кам көрүү боюнча көп китептерди окудум. Алардын арасында мага чоң жардамы тийген “Баланын сүйлөө жөндөмүн өнүктүрүү” (авт. Исманалиева Тажихан, Мухтарали кызы Шайыргүл) китеби болду. Аны башка апаларга да сунуштайм.
Алгачкы жеңиштер
Кызыбыз бир жашында атасы экөө “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду тарабынан уюштурулган “Ата менен” конкурсуна катышып, жеңишке жетишкен. Сынактын максаты - ата менен баланы жакындатуу, бала тарбиясына аталарды тартуу. Ал эми шарттары - бала атасы менен өткөргөн убактысын, ошондой эле атанын баласынын өнүгүүсүнө кошкон салымын видео кылып тартып жебирүү болчу. Андан кийин дагы бир жолу кызым менен экөөбүз катышып, байгелүү орунду багындырганбыз.

Баланын өнүгүүсүнө атанын таасири чоң
Атабыз кыздарын материалдык жактан гана эмес, бардык тарабынан колдоого алат. Атайын кыздарга деп убактысын бөлүштүрөт. Башкача айтканда алардын жашоосунун бардык тарабына катышканга аракет кылат. Китеп окуп берет, маектешет, балдарды өнүктүрүүчү оюндарды ойнотот. Ал тургай кичинекей үч айлык кызыбыз менен дагы эринбестен сүйлөшөт. Фантазиясы күчтүү болгондугу үчүн андан оюндарды ойлоп табууда, кайсы бир нерселерди кураштырууда жардам сурайбыз.

Ата-эненин мээрими менен камкордугу теңдешсиз
Азыр өзүм декреттик өргүүдө болгондугум үчүн ар дайым кыздарымдын жанындамын. Бала бакчага азырынча бергим келбейт. Анткени, эненин камкордугуна, мээримине эч нерсе жетпейт деп ойлойм. Эгер ата-эненин балага билим берүүгө, өнүгүүсүнө үйдөн салым кошууга кудурети жете турган болсо, баланын өнүгүүсүнө мындан өткөн салым жок. Кызымды мектеп курагы жакындаганда коом менен аралашуусу үчүн гана бала бакчага берсем деген планым бар.
Кыздарыбыздын дүйнө таанымын өстүрүү максатында - музей, китепкана, куурчак театрына кезек-кезеги менен алып барып турганга аракет кылабыз. Жыйынтыктап айтканда, баланы өнүктүрүүдө жөнөкөй эле нерселер менен талыкпаган эмгек талап кылынат демекчимин.