Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Бүгүн, 13-июлда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев муниципалдык автобустун катышуусунда адам өмүрүн алган жол-транспорт кырсыгына байланыштуу чукул жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Жыйынга мэрдин орун басарлары, шаардык кызматтардын жетекчилери жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты.
“Бишкек шаардык транспорт” МИнин маалыматы боюнча, №34 каттамдагы Zhong Tong үлгүсүндөгү автобустун айдоочусу Рыскулов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына бурулуп жатып, жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан баланы сүзүп кеткен. Өспүрүм алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болгон.
Иликтөөнүн алгачкы жыйынтыгында төмөнкүдөй үрөй учурган фактылар аныкталды:
- Айдоочу 2023-жылдын сентябрында жумушка түзүк күбөлүк менен кирген. Бирок, 2026-жылдын январында унаа башкаруу укугунан ажыратылган. Бул фактыны ишканадан жашырып, текшерүүлөрдө айдоочулук күбөлүгүнүн жасалма көчүрмөсүн көрсөтүп жүргөн.
- Соттук териштирүү учурунда айдоочу өзүн “убактылуу жумушсуз” деп тааныштыргандыктан, анын күбөлүгү жокко чыгарылгандыгы тууралуу маалымат муниципалдык автобазага жеткен эмес.
Калаа башчысы Айбек Жунушалиев буга чейин муниципалдык транспортто коопсуздукту жогорулатуу боюнча (план системасын жоюу, айлыкты көтөрүү) бардык шарттар түзүлгөнүн айтып, жооптуу жетекчилердин ишин кескин сынга алды. Мэр айдоочуларды каттамга чыгараарда медициналык кароодон тышкары, документтеринин жарактуулугун базадан текшерүү маселеси жолго коюлбаганын баса белгиледи.
“Үч күндүк мөөнөттө кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, жооптуу адамдардын чөйрөсү аныкталсын. Күнөөлүүлөр ээлеген кызматтарынан бошотууга чейин эң катаал жоопкерчиликке тартылат. Иликтөөнүн материалдары укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет”,– деп айтылат маалыматта.