Баланы эмдетүү динге каршы келбейт – дин ишмери

Коом Загрузка... 20 Март 2025 12:47
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 20.03.25. /Кабар/. Баланы эмдетүү динге каршы келбейт. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын, халал индустриясын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бактияр ажы Токтогазы уулу билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы буга чейин бир да жолу жарандарга “эмдөө албагыла”, “эпидемияларга каршы жүрүп жаткан аракеттерге тоскоолдук кылгыла” деп үгүт-насаат кылган эмес. Бул боюнча фатва да чыгарган эмес.

“Бул маселеде бизге кайрылгандардын баарына дарыгерлер менен кеңешүү керектигин белгилеп келгенбиз. Бирок акыркы кездери эмдөө алуудан баш тартып жаткандардын маселесин динге байланыштырып жаткандар көбөйүп кеткени үчүн буга муфтияттын эч кандай тиешеси жок экенин, эмдөөгө каршы эместигибизди айтып коюуну туура көрдүк”,-деди ал.

Ал белгилегендей, Ислам дининде ден соолукка кам көрүү парз болуп эсептелет. Бирок эмдөө алуу же албоо ар бир жарандын өз укугу.

“Динчил кишилер ага каршы чыгып жатат деген сөз туура эмес. Баланын ден-соолугуна ар бир ата-эне жооптуу. Негизи эле ар бир адам өзүнүн ден-соолугуна жооптуу. Ар ким өз чечимине жараша иш кылат. Эмдөө албагандардын көбөйүшүн динчилдерге шылтоолоп коюу туура эмес”,-деди ал.