Бакыт Төрөбаев Кытайдын Шэньси провинциясынын делегациясы менен жолугушту

Министрлер кабинети 13 Март 2025 18:55
67d27a24a07ea-thumb.jpg
67d27a24a238d-thumb.jpg
67d27a24cd515-thumb.jpg
67d27a24d7ba1-thumb.jpg
67d27a2574e1e-thumb.jpg
67d27a25152e4-thumb.jpg
67d27a25532b0-thumb.jpg
67d27a251402d-thumb.jpg
Алдыга
Артка
67d27a24a07ea-thumb.jpg
67d27a24a238d-thumb.jpg
67d27a24cd515-thumb.jpg
67d27a24d7ba1-thumb.jpg
67d27a2574e1e-thumb.jpg
67d27a25152e4-thumb.jpg
67d27a25532b0-thumb.jpg
67d27a251402d-thumb.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Кытайдын Шэньси провинциясынын делегациясы менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын аймактары менен Шэньси провинциясынын ортосундагы кызматташуу маселелеринин кеңири комплексин талкуулашты.

Минкаб башчысынын орун басары Бакыт Төрөбаев акыркы жылдары кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгү өзүнүн тарыхый бийиктигине жеткенин белгиледи. 2024-жылы биргелешкен аракеттер менен "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жолун куруу, үчүнчү "бедел" көзөмөл - өткөрмө пунктун ачуу, ошондой эле биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүү сыяктуу ири долбоорлорго старт берилди.

Өз кезегинде КЭРдин Шэньси провинциясынын партиялык комитетинин катчысынын орун басары Син Шанпин меймандостукка ыраазычылыгын билдирип, эки элдин ортосунда бекем достук байланыштар бар экенин белгиледи.

Ал Кыргызстанга болгон визиттин маанилүүлүгүн баса белгилеп, кызматташууну бекемдөө жана биргелешкен долбоорлорду андан ары өнүктүрүү контекстинде Айыл чарба, энергетика, ошондой эле транспорттук-логистикалык долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык, Айыл чарба, археологиялык изилдөөлөр тармактарындагы өз ара аракеттешүүнү кошо алганда, эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүнүн келечегин талкуулашты.

Тараптар өз ара пайдалуу өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүгө даяр экендигин баса белгилешти.