Байконур космодромунан жылдын биринчи ракетасы ийгиликтүү учурулду

Борбор Азия Загрузка... 28 Февраль 2025 16:01
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 28.02.25. /Кабар/. Бүгүн Байконур космодромунан “Прогресс МС-30” космостук жүк ташуучу ракетасы космоско ийгиликтүү учурулду. Бул тууралуу Казинформ кабарлады.

Маалыматка ылайык, ракета станцияга 2,5 тоннадан ашык жүк жеткирет. Ракетанын каптал бөлүктөрүн бөлүү учуруу графигине ылайык жүргүзүлүп, тогузунчу мүнөттө жүк ташуучу корабль орбитага чыкты.

Космостук жүк ташуучу ракетанын учуусу эки күндүк трафиктин схемасын карманып, Эл аралык космос станциясына туташтыруу үстүбүздөгү жылдын 2-мартында ишке ашат.