Бахадыр Коңуров Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө шайланды

Загрузка... 19 Март 2025 16:02
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 19.03.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттар Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөлүгүнө шайлоо боюнча Бахадыр Коңуровдун талапкерлигин карашты.

Жогорку Кеңештин "Ишеним" фракциясынын лидери Улугбек Ормонов баяндама жасап, талапкер тууралуу маалымат берди.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында депутаттар Бахадыр Коңуровду Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлүгүнө шайлашты.

Бул боюнча Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.