Бишкек, 02.03.26 /Кабар/. Бириккен Араб Эмираттарынын эң ири эки эмираты Дубай жана Абу-Дабинин бийлиги мейманканаларга каттамдардын жокко чыгарылышы же кечигүүлөрү себеп болгон туристтердин жайгашуу мөөнөтүн узартууну милдеттендирди, деп кабарлайт БелТА.
Экономика жана туризм департаментинен билдиришкендей, жабыркаган туристтерди колдоо боюнча көрсөтмөлөргө ылайык, мейманканалар баштапкы брондоолордогу шарттарды сактоо менен алардын жайгашуу мөөнөтүн узартууну сунуштоого тийиш. Өкмөт бул узартуунун чыгымдарын жабууга ниеттенүүдө.
"Бул чара Жакынкы Чыгыштагы эскалация учурунда чет элдик жарандарга толук колдоо көрсөтүү боюнча өкмөттүн көрсөтмөлөрүнө ылайык келет", — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, 28-февралда АКШ менен Израилдин Иранга каршы операциясынан кийин Израил, Иран, Бахрейн, Ирак, Катар, Кувейт жана БАЭ аба мейкиндигин жаап коюшту. Айрым авиакомпаниялар каттамдарды жокко чыгаргандыктан, туристтер чет өлкөлөрдө убактылуу калууга аргасыз болууда.