Баалардын өсүшүнө бөгөт: Кыргызстанда инфляцияга каршы программа иштеп жатат

Экономика Жүктөлүүдө... 04 Август 2026 15:40
IMG_8415.JPG (2).jpeg
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.08.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин инфляцияны турукташтыруу боюнча атайын программасы ишке ашырылып жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Кабар подкастка” берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда инфляцияны төмөндөтүү багытында бир катар комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө. Анын ичинде жакында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматын реформалоо пландалууда. Бул кадам баалардын негизсиз өсүшүн чектөөгө багытталат.

“Биз баалардын өсүшүн ооздуктоо үчүн тиешелүү механизмдерди иштеп чыгып жатабыз. Негизги максат – инфляциянын деңгээлин көзөмөлдө кармоо жана калкка болгон экономикалык басымды азайтуу”, – деди ал.

Ошондой эле өкмөт рыноктогу атаандаштыкты күчөтүү аркылуу бааларды турукташтырууну көздөй тургандыгы кошумчаланды.