Азия өнүктүрүү банкы Өзбекстанга 500 миллион доллар бөлдү

Борбор Азия Загрузка... 15 Октябрь 2025 17:54
photo_15_2.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 15.10.25. /Кабар/. Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Өзбекстан өкмөтүнүн мамлекеттик секторду реформалоо саясатын колдоо үчүн 500 миллион АКШ доллары өлчөмүндө насыя бөлдү. Бул тууралуу банктын Өзбекстандагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, каражат экономикалык башкарууну жакшыртууга багытталган программаны ишке ашыруунун экинчи этабынын алкагында бөлүнөт. Программанын максаты - мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун арттыруу, институционалдык негиздерди бекемдөө жана дүйнөлүк экономикага интеграцияны тездетүү болуп саналат.

Анда мамлекеттик ишканаларда корпоративдик башкаруу системасын өркүндөтүү, байкоо кеңештеринин түзүмүн жаңылоо жана гендердик теңчилик боюнча максаттарды киргизүү пландалууда. Ошондой эле Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болууга даярдык көрүү максатында улуттук мыйзамдарды дүйнөлүк соода жана инвестициялык эрежелерге шайкеш келтирүү каралган.

Мындан тышкары, салык базасын кеңейтүү, фискалдык ачыктыкты жогорулатуу жана аудит системасын жаңылоо аркылуу коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү каралган. Программа мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлоруна инвестиция тартуунун бирдиктүү эрежелерин киргизүүнү, атаандаштыкты өнүктүрүүнү жана социалдык жактан аялуу катмарларды колдоону да камтыйт.

Эске салсак, Өзбекстан 1995-жылы банкка мүчө болгон күндөн бери АӨБ тарабынан насыялар, гранттар жана техникалык жардам катары жалпысынан 14,6 млрд доллар багытталган.