Ташкент, 02.09.25. /Кабар/. Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Өзбекстанга Каракалпакстан аймагындагы маанилүү транспорт коридорун жаңылоого 233,1 млн доллар насыя бөлдү. Бул тууралуу банктын Ташкенттеги өкүлчүлүгү кабарлады.
Долбоордун алкагында А-380 унаа жолунун (Гузар – Бухара – Нукус – Бейнеу) 87 чакырымы кайра курулуп, Турткүл – Элликкала – Беруний айланма жолу салынат. Ошондой эле 12 чакырымдык эски участок оңдолот.
Жолдун сапатын арттыруу жана климаттык өзгөрүүлөргө туруктуулугун камсыздоо үчүн цемент-бетон жабындысы төшөлүп, бийик дамбалар жана өркүндөтүлгөн дренаждык системалар курулат. Мындан тышкары, интеллектуалдык транспорт системалары жана унааларды жүрүшүндө таразага тартуучу жабдуулар орнотулат.
Жол боюнда беш эс алуу жана тейлөө жайы курулуп, электромобилдер үчүн заряддоо станциялары да каралган. Ошондой эле аялдар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттар түзүлөт.
Долбоордун жалпы наркы 293,7 млн долларды түзүп, анын 60,6 млн доллары мамлекеттин бюджетинен каржыланат.
Маалыматка ылайык, 1995-жылдан бери АӨБ Өзбекстанга жалпысынан 14,3 млрд долларга жакын насыя, грант жана техникалык жардам көрсөттү.