Азербайжанда Кыргызстан менен Түркиянын тышкы иштер министрлери жолукту

Тышкы саясат 7 октябрь 2025 10:00
d2b40ad7-70fb-34ea-8007-90c76e7d03f2.jpeg
4ebddf97-0aec-3a57-9bbe-1d0118c582bc.jpeg
Алдыга
Артка
d2b40ad7-70fb-34ea-8007-90c76e7d03f2.jpeg
4ebddf97-0aec-3a57-9bbe-1d0118c582bc.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 07.10.25. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Азербайжандын Габала шаарында ттүркиялык кесиптеши Хакан Фидан менен жолугушту.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан маалымдашкандай, анда тараптар кыргыз-түрк кызматташтыгынын динамикалуу өнүгүүсүн, анын ичинде Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаздын 17-18-сентябрда Кыргызстанга болгон расмий сапарын жана анын Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-жыйынына катышуусун канааттануу менен белгилешти.

Ошону менен бирге алар эки тараптуу мамилелердин жана Түрк мамлекеттер уюмунун алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн азыркы абалы жана мындан ары тереңдетүү келечеги тууралуу пикир алмашышты.