Азербайжан Европага газ экспортун көбөйттү

Дүйнө Загрузка... 04 Март 2026 09:25
a9c8f8b2-3bd7-484e-b1ea-9bed682eb36f.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Азербайжан Европага газ экспортун 56%га көбөйттү. Бул тууралуу Бакуда өткөн Түштүк газ коридорунун жана Жашыл энергетика боюнча консультативдик кеңештердин жыйынында айтылганын Kazinform кабарлады.

Маалыматка караганда, иш-чарага Европа биримдигинин, АКШнын, Түркиянын, Казакстандын жана башка өлкөлөрдүн министрлери менен ири энергетикалык компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Азербайжандын энергетика министри Парвиз Шахбазов дүйнө "электр энергиясынын дооруна" кадам таштап жатканын, бирок жаратылыш газы дагы ондогон жылдар бою энергетикалык коопсуздуктун негизги булагы бойдон каларын белгиледи.

Негизги көрсөткүчтөр:

  • 2021-жылдан бери Европага газ жеткирүү 56%га өстү.
  • Жалпы экспорт 25,2 млрд куб метрди түзүп, анын жарымынан көбү Европа биримдигине багытталат.
  • Трансадриатикалык газ куурунун кубаттуулугу 1,2 млрд куб метрге кеңейтилди.

Белгилей кетсек, жакынкы жылдары төрт жаңы газ долбоорун ишке киргизүү пландалууда. Алардын ичинде "Азери-Чираг-Гюнешли" блогунан биринчи жолу ассоциацияланбаган газ өндүрүү каралган.