Азат Алманбетов Салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 18 Март 2025 12:33
DSC04287-2.JPG
copyright icon Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы

Бишкек, 18.03.25. /Кабар/. Алманбетов Азат Аясбекович Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Ведомстводон маалымдашкандай, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Бүгүн Салык кызматынын төрагасынын жаңы орун басары ведомствонун жамаатына тааныштырылды.

А. Алманбетов буга чейин Салык кызматынын борбордук аппаратында фискалдаштырууну ишке киргизүүнү контролдоо башкармалыгынын начальниги болуп иштеген.