Бишкек, 31.07.25. /Кабар/. Классташтарынын жолугушуусуна баргандан кийин жубайын атып өлтүргөн Ош облусунун Өзгөн районунун тургунуна карата сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Өзгөн райондук сотунун чечимине ылайык, күйөөсүнүн колунан каза тапкан Айзиректин жолдошу А.Б. адам өлтүрүү, курал жаракты мыйзамсыз сактоо беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды. Мунун менен ал 18 жылга эркиндигинен ажыратылып, эсептик көрсөткүчтүн 1000 өлчөмүндө айып салынды.
Эске салсак, май айында Ош облусунун Өзгөн районунун 40 жаштагы тургуну аялын “Акыркы коңгуроо” аземинен кийин атып өлтүргөн.