Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен “БУУ-Аялдар” түзүмү аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ишкердигин өнүктүрүү багытында кызматташат. Бул максатта тараптар Бүткүл дүйнөлүк ишкер аялдардын күнүнө карата өтүп жаткан иш-чаранын алдында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Меморандумга экономика министринин орун басары Беназир Нурланова менен “БУУ-Аялдар” түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү Сайед Садик кол коюшту.
Документке ылайык, тараптар аялдардын ишкердик менен алектенүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, алардын каржы булактарына, рынокторго жана инвестицияларга жетүүсүн жакшыртууга көңүл бурушат.
Ошондой эле аялдар жетектеген ишканаларды колдоо, санариптештирүү жана инновацияларды өнүктүрүү, бизнести өнүктүрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү кеңейтүү маселелери каралган.
Белгилей кетсек, “БУУ-Аялдар” түзүмү Кыргызстанда 2012-жылдан бери иш алып барат.