Кыргызстанда жол кырсыктарынын көбөйүшү айдоочуларды даярдоону мамлекеттик саясаттын негизги деңгээлине көтөрдү. Кырсыктардын басымдуу көпчүлүгү айдоочулардын күнөөсү менен болуп жаткан шартта, бардык жеке менчик автомектептерди мамлекеттик башкарууга өткөрүү тууралуу мамлекеттик демилге өз учурунда жана зарыл чара катары каралууда. Билим берүү процессин көзөмөлдү күчөтүү, теориялык жана практикалык даярдыкты стандартташтыруу жана болчок айдоочуларга талаптарды жогорулатуу жаңы айдоочулук маданиятты калыптандыруунун жана өлкөдө жол кырсыктарынын санын азайтуунун кепилдиги болуп саналат.
Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Кыргызстандагы бардык жеке менчик автомектептер мамлекеттик башкарууга өткөрүлөрүн билдирди. Анын айтымында, бул кызматкерлерди кыскартууга же эмгек акыны өзгөртүүгө алып келбейт. Жеке менчик билим берүү уюмдарынын бардык кызматкерлери жумуш орундарын жана эмгек акыларын сактап калышат.

"Бардык жеке менчик автомектептер мурдагыдай эле иштей берет. Бир гана айырмасы, алар мамлекеттик болуп калат. Бардык эмгек акы жана башка учурлар сакталып калат.
Ал кошумчалагандай, кайра түзүүлөрдүн негизги максаты билим берүү тармагындагы ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана коррупциялык тобокелдиктерди жоюу болуп саналат. Бул үчүн бардык процесстерди санариптештирүү ишке ашырылат.
Реформа билим берүү стандарттарын бир түргө келтирүүгө, билим берүүнүн сапатына көзөмөлдү күчөтүүгө жана жарандардын билим берүү кызматтарына бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган", - деди ал.
Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы белгилегендей, Кыргызстан аймактагы өлкөлөрдүн арасында жол-транспорт кырсыктарынын саны жана жолдогу өлүмдөр боюнча биринчи орунда турат. Бул өтө начар көрсөткүч жана аны оңдоо керек. Адам өмүрү баарынан кымбат. Биздин максат – кырсыктарды азайтуу жана айдоочуларды даярдоонун сапатын жогорулатуу.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу белгилегендей, жыл башынан бери өлкө аймагында 6 208 жол кырсыгы катталган. Натыйжада 9 078 адам ар кандай жаракат алып, 636 адам каза болгон.

"Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22,7 пайызга көп. Жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгү, башкача айтканда 90,5 пайызы айдоочулардын күнөөсүнөн болууда. Тагыраак айтканда, алардын жол эрежелерин билбегендигинен жана жоопкерчилиги жоктугунан болууда. Айрым айдоочулар каршы тилкеге чыгып, уруксат берилбеген жерлерде айрымдары ылдамдыкты ашыра айдашат, аралыкты сакташпайт, кээ бирлери мас абалында унаа башкарышат. Ошондой эле жолдогу кырсыктардын негизги себептеринин бири – айдоочуларда айдоо маданиятынын жоктугу. Бул алардын автомектептерде теориялык жана практикалык билимдерди толук көлөмдө албагандыгынан улам болууда", - дейт ал.
ЖКККББ тарабынан жолдордогу жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу боюнча бир катар комплекстүү чаралар көрүлүүдө. Анын ичинде таксисттердин ишин жөнгө салуу жана аларга лицензия берүү да бар. Белгилүү болгондой, буга чейин жетиштүү тажрыйбасы, квалификациясы жок айдоочулар техникалык абалы талапка жооп бербеген унаалар менен жүргүнчү ташуу менен алектенишкен.

"Бүгүнкү күндө биз ушул нерселердин баарын жөнгө салып жатабыз. Ошондой эле чет өлкөлүк номердеги унааларды легалдаштыруу процесси ишке киргизилди.
Ошондой эле жол кыймылынын эрежелерин начар билген же такыр билбеген айдоочуларды аныктоо үчүн жолдордо туруктуу негизде рейддик иш-чараларды өткөрүп жатабыз. Жакында мындай айдоочуларды күбөлүгүнөн ажыратып, кайра окууга жөнөтө баштайбыз", - деди Айтикул уулу.
Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов билдиргендей, республикада "Коопсуз өлкө" долбоору иштеп жатат. Бул долбоордун алкагында республикалык маанидеги трассаларга видеокөзөмөл камераларын орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.
"Жакында биз бул иштерди аяктайбыз. Анын жардамы менен аналитикалык иштерди жүргүзүп, жолдогу жол-транспорт кырсыктарынын 90 пайызы айдоочулардын күнөөсүнөн болуп жаткандыгын аныктадык. Жолдордогу кырсыктарды азайтуу боюнча иш алып барып жатабыз, тиешелүү тапшырмалар берилген.

Жеке менчик автомектептердин мамлекеттин карамагына өтүшү – абдан туура чечим. Мамлекет болочок айдоочулардын билим алуу процессин кылдат көзөмөлдөйт. Алардын жеке автомектептерде билимди толук албагандыгы жолдордогу көптөгөн кырсыктарга алып келүүдө.
Тарбия бала бакчадан башталат. Жоопкерчиликти, айдоо маданиятын жана жол кыймылынын эрежелерин сактоону биз эрте жаштан эле үйрөтүшүбүз керек. Ошондуктан, бардык автомектептерди мамлекеттик башкарууга киргизүү жөнүндөгү мамлекеттин демилгеси – эң туура чечим. Эми айдоочулардын 14 ай окушу келечекте айдоочулардын рулда жоопкерчиликтүү жана аң-сезимдүү болушуна мүмкүндүк берет", - деп белгиледи министрдин орун басары.
Каныбек Туманбаев мамлекет айдоочуларды окутуунун сапатын жогорулатуу үчүн бардык шарттарды түзүп жатканын билдирди. Атап айтканда, сабактарга жеке катыша албагандар, мисалы, декреттик өргүүдөгү аялдар же алыскы аймактарда жашаган жарандар үчүн онлайн окуу мүмкүнчүлүгү пайда болот.

"Практикалык сабактар жайкы жана кышкы мезгилдерде өткөрүлөт. Бул болочок айдоочулар бардык мезгилдерде унааны башкаруунун реалдуу тажрыйбасын алуусу үчүн жасалууда. Окуу программасы толугу менен даяр. Биз аң-сезимдүү жана жоопкерчиликтүү айдоочуларды даярдайбыз", — деп кошумчалады ал.
Бардык автомектептерди бирдиктүү башкарууга өткөрүү боюнча мамлекеттик демилге — бул Кыргызстандын жолдорундагы кырсыктардын деңгээлин төмөндөтүүдөгү стратегиялык кадам. Мамлекеттик көзөмөл жана жол коопсуздугунун маданиятын көтөрүү менен айдоочуларды даярдоого карата системалуу мамиле гана кырдаалды өзгөртүп, жарандардын коопсуздугун камсыздай алат.