Австриянын Альп тоолорунда кар көчкүдөн 8 адам каза болду

Дүйнө Загрузка... 19 Январь 2026 09:00
9b31daa9-8d57-46f9-b586-9dae24f92396.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 19.01.26 /Кабар/. Австриянын аймагындагы Альп тоолорунда кар көчкү түшүп, 8 адам каза болгонун The Guardian басылмасына таянып, Интерфакс кабарлады.

Маалыматка ылайык, Мурталь округунда Чехиядан келген үч турист, Понгау аймагында беш лыжачы кар көчкүнүн алдында калып, каза болду.

Катуу жааган кардан кийин аймакта кар көчкү коркунучу күчөгөн. Жергиликтүү бийлик кооптуу абал тууралуу эскертүү таратканына карабастан, айрым адамдар расмий эмес трассаларда лыжа тебүүнү улантышкан.