Бишкек, 12.01.26. /Кабар/. Австралиянын Виктория штатында аномалдуу ысыктан улам келип чыккан өрт кырсыгы 300 миң гектардан ашык токойду жок кылды. Бул табигый кырсык дагы бир нече аптага созулушу мүмкүн экендигин, Guardian басылмасы кабарлайт.
Анда белгиленгендей, буга чейин Виктория штатындагы токой өртүн өчүрүү маалында бир адам көз жумуп, жүздөгөн адамдар баш калкалай турган жайсыз калган. Австралиянын федералдык өкмөтү менен Виктория штатынын өкмөтү өрттөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү максатында 19,5 миллион австралиялык долларын (болжол менен 13 миллион доллар) бөлгөн.
Виктория штаты боюнча өрттөн кеминде 119 имарат талкаланып, 300 миң гектардан ашык токой өрттөнгөн. Штат дагы деле өрт менен күрөшүүдө жана ал дагы бир нече апта бою күчүндө болушу мүмкүн.
Виктория штатынын башкаруу борборунун маалыматына ылайык, штат боюнча 67 өрт катталып, анын ичинен 10у көзөмөлсүз жайылып жаткан.