Ат-Башыда алгачкы жолу лапароскоп менен 3 бейтапка операция жасалды

Аймак 1280 15 Февраль 2025 10:00
479191919_664081962705711_3155700569556487266_n.jpg
480243318_664082046039036_7709801870031888207_n.jpg
477198890_664081859372388_8405420528775081209_n.jpg
479187439_664081936039047_3063168811677059265_n.jpg
480076160_664081879372386_8714087811851547119_n.jpg
480096543_664082132705694_1818442819489213442_n.jpg
480137686_664082012705706_130416196098446318_n.jpg
480168540_664082089372365_2845046392795883587_n.jpg
480202037_664083156038925_2776691341243244772_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы

Бишкек, 15.02.25. /Кабар/. Ат-Башыда биринчи жолу Германиядан чыгарылган Лапароскоп аппаратынын жардамы менен өткө операция жасалды.

Райондук администрациядан билдиришкендей, операция борбор калаадагы клиникалардын мыкты профессор дарыгерлери тарабынан жасалып, Ат-Башы райондук бириктирилген ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн хирург-дарыгерлеринин жамааты да катышып тажрыйба алышты.

Лапароскоп хирургиялык аппарат, калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү, операцияга болгон муктаждыктарды жеңил чечүү максатында Япон эллчилиги аркылуу 7,6 млн сомго алынып берилген.

Бул жабдыктын камерасы так, даана көрсөтөт.
Анын жардамында абдоминалдык хирургия, гинекология, лор, боор жана урология багыттарында да операция жасоого мүмкүнчүлүк бар.

Лапароскоп аппараты менен гинекологиялык операцияларды да, өт алдыруу, аппендицитти жасоого болот жана ички органдарга диагностика да жүргүзөт. Буга чейин операцияга муктаж болгон бейтаптар Бишкек шаарына барып, диагностика өтүп, андан кийин операция жасатууга бир топ убакыт кетип, жарандарга ыңгайсыздыктар жаралып келген.

Мындан ары райондук оорукананын хирург-дарыгерлери Лапароскоп аппараты менен жогорудагыдай операцияларды жеринде жасап, калкка медициналык жактан сапаттуу кызмат көрсөтүп, калктын саламаттыгын чыңдоого зор салымын кошот.