Бишкек, 07.05.25. /Кабар/. Ат-Башы районунун Казыбек айыл өкмөтүнө караштуу Кош-Караташ тилкесиндеги 100 гектар жерге чычырканак айдоо пландалууда.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, долбоорду "Нур" кооперативи япон ишкерлери менен биргеликте ишке ашырмакчы.
Бул долбоор Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин адистеринин көмөгү менен жүргүзүлүп жатат.
Бүгүнкү күндө иштер башталып, көчөттө алынып келинип, 1000 көчөт отургузулду. Кооперативдин бул демилгеси жергиликтүү айыл чарба секторун өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экономиканы жандандырууга өз пайдасын тийгизет.
Учурда чычырканактын сапатын жогорулатуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияларды өстүрүү максатында департаменттин адистери тарабынан техникалык жактан жардам жана кеңеш берилүүдө.
Белгиленгендей, бул иш-аракеттердин жыйынтыгы айылдын айыл чарба долбоорлорунун өсүүсүнө салым кошот.