Астаналык мугалим 13,5 тонналык автобусту сүйрөп, дүйнөлүк рекорд койду

Борбор Азия Загрузка... 25 Май 2026 10:12
WhatsApp Image 2026-05-25 at 08.55.53 (1).jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 25.05.26 /Кабар/. Астана шаарында 55 жаштагы мугалим Айгүл Ержанова 13,5 тонналык автобусту 14 метр аралыкка сүйрөп барып, дүйнөлүк рекорд жаратты. Бул тууралуу Казинформ билдирет.

Маалыматка ылайык, мугалим Астанадагы №50 мектепте эмгектенет. Былтыр Айгүл Ержанова жалпы салмагы 8 тонна болгон эки пикапты 57 метрге чейин сүйрөп, рекорд жараткан. Бул жолу ал өзүнүн мурдагы жетишкендигин жаңыртып, андан да оор — 13,5 тонналык автобусту тандаган.

"Мен мектепти аяктап жаткан бүтүрүүчүлөргө дем бергим келди. Адам максатына ишеним менен умтулса, сөзсүз жетет", - деп билдирген ал маегинде.

Global Best of Records уюмунун Азия жана Африка өлкөлөрү боюнча өкүлү Куандык Кудайбергенов дүйнөдө буга окшогон рекорддор катталганын, бирок 50 жаштан ашкан аялдардын арасында мындай аракет биринчи жолу болуп жатканын айтты.

Анын маалыматына ылайык, экстремалдык категорияда рекорд катары катталышы үчүн кеминде 10 метр аралык жетиштүү. Айгүл Ержанова болсо автобусту 14 метрге чейин сүйрөп барып, талапты толук аткарган.