«Асман», «Мейкин», «Ак Сарай», «Сый Ордо», «Ата» тойканаларынын ээси кармалды

Укук тартиби Загрузка... 11 Сентябрь 2025 17:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 11.09.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында коммерциялык объектилердин «кызыл сызыктын» чектерин жана жер мыйзамдарын одоно бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында 7-Апрель көчөсүнөн баштап, Ахунбаев көчөсү менен Масалиев проспектисине чейинки аймакта «Асман», «Мейкин», «Сый Ордо», «Ата», «Ак Булут» жана «Ак Сарай» банкеттик залдарынын кожоюну 1990-жылы туулган С.А.С. аттуу жеке ишкер өзүнүн каржылык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, тиешелүү мамлекеттик кызматкерлер менен кылмыштуу байланышка кирип, коммерциялык объектилеринин капиталдык бөлүктөрүн ижарага алынган муниципалдык жер тилкелерине жайгаштырган.

Бүгүн, 10-сентябрда С.А.С. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМК мыйзамсыз курулуш фактыларын жоюу жана ишке тиешелүү башка адамдарды аныктоо боюнча иштерди улантууда.