Арпидин Жороев Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары болуп дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор 2073 29 Январь 2025 14:55
DSC_8877.jpg
474762337_938119575116999_8533582682547118352_n.jpg
Алдыга
Артка
DSC_8877.jpg
474762337_938119575116999_8533582682547118352_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Мусулмандардын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы

Бишкек, 29.01.25. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла Жээнбековдун буйругуна ылайык, Арпидин Жороев Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары болуп дайындалды.

Дин башкармалыгынан билдиришкендей, буга чейин казынын орун басары болуп эмгектенип келген Бакыт Усманов үй-бүлөлүк шартына байланыштуу өз арызы менен кызматтан бошогон.

Арпидин Жороев1972-жылы Ош облусунун Чоң-Алай районунун, Дароот-Коргон айылында туулган. Ал буга чейин ушул тармакта эмгектенип келген.