Армениянын парламентине үч саясий партия өттү

Дүйнө Загрузка... 15 Июнь 2026 08:55
ecdac157-7c93-451b-9193-4c9168b21b90.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясы 7-июндагы парламенттик шайлоонун акыркы жыйынтыктарын жарыялады. Бул тууралуу Интерфакс жазды.

Маалыматка ылайык, БШКнын төрагасы Ваагн Овакимян жыйында премьер-министр Никол Пашиняндын "Жарандык келишим" партиясы добуштардын 49,74%ын алганын билдирди. Бул жыйынтык партияга жаңы өкмөттү өз алдынча түзүүгө мүмкүндүк берет.

"Күчтүү Армения" партиясы добуштардын 23,27%ын, ал эми "Армения" блогу 9,92%ын алды.

"Гүлдөгөн Армения" 4%дык босогодон өтө албай калды (3,893%).

Белгилей кетсек, добуш берүүгө жалпысынан 1 млн 476 миң 769 адам же шайлоочулардын 58,9%ы катышкан.