Бишкек, 30.09.26. /Кабар/. Алиясов Арлен Кубанычбекович эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.
Ведомстводон маалымдашкандай, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Бүгүн президенттин администрациясынын тармактык саясат секторунун башчысы Жыпариса Рыспекова министрликтин жамаатына жаңы биринчи орун басарды тааныштырды.
Арлен Кубанычбекович Алиясов 2021-2026-жылдар аралыгында Эмгек министрлигинде эмгектенип, ар кандай, анын ичинде жетекчилик кызматтарды аркалаган. Министрдин биринчи орун басары кызматына дайындалганга чейин чет өлкөлүк жарандар менен иштөө бөлүмүн жетектеп келген.