Арктиканын тарыхында быйыл эң жылуу болду

Дүйнө Загрузка... 19 Декабрь 2025 10:00
WhatsApp Image 2025-12-19 at 09.22.50.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 19.12.25 /Кабар/. Арктика аймагы байкоолор тарыхында эң жогорку температура катталган жылды өткөрдү. Бул тууралуу Financial Times басылмасы кабарганын Известия билдирет.

Маалыматка ылайык, рекорддук жылуулук көрсөткүчтөрү 2024-жылдын октябрынан бери байкалууда.

Окумуштуулар Арктиканын климатын 1900-жылдан бери изилдеп келишет. Азыркы учурда кыш мезгилиндеги деңиз муздарынын аянты тарыхтагы эң төмөн деңгээлге түштү. Мурда арктикалык муз катмарлары табигый тоскоолдук катары аны жылуу агымдардан коргоп келген.

Бирок адистердин айтымында, бул коргоо механизми алсырап, Атлантика океанынан келген жылуу суулар байыркы тоң катмарларын бузуп жатат. Окумуштуулар бул процесс узак мөөнөттүү келечекте глобалдык климатка олуттуу таасир тийгизиши мүмкүн деп эсептешет.