Аризонада эки учак кагылышып, кеминде эки адам каза болду

Дүйнө Загрузка... 20 Февраль 2025 10:29
WhatsApp Image 2025-02-20 at 07.20.25.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 20.02.25. /Кабар/. АКШнын түштүгүндөгү Аризона штатында эки кичинекей учак кагылышып, кеминде эки адам каза болду. Бул тууралуу “РИА новости” кабарлады.

Агенттиктин маалыматына ылайык, учурда Улуттук транспорт коопсуздугу кеңеши Туксондун четиндеги аэропорттун жанында болгон кагылышууну иликтеп жатат.

АКШнын Федералдык авиация башкармалыгынын (FAA) маалыматы боюнча, окуядан улам аэропортто каттамдар убактылуу токтотулган.

Башка жүргүнчүлөрдүн абалы тууралуу расмий маалымат азырынча бериле элек.