Ар бириңиздер – Кыргызстаныбыз үчүн зор күчсүздөр. Биринчи айым Айгүл Жапарова аялзатын майрамы менен куттуктады

Коом Загрузка... 08 Март 2026 13:04
649525571_850162084704963_3986545628966503816_n.jpg

Бишкек, 08.03.26. /Кабар/. Биринчи айым Айгүл Жапарова аялзатын 8-март - Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.

Ал аял үй-бүлөнү да, коомду да, мамлекетти да бирдей алып кете алган инсан экенин белгилеп, аялзаты күчтүү болсо – үй бүлө бекем – мамлекет күчтүү болорун айтты.

"Урматтуу айымдар!

Сиздерди жаздын алгачкы майрамы - 8-март Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Аялзаты - бул мээримдин түгөнбөс булагы, үй-бүлөнүн куту жана жашоого дем берген улуу күч. Сиздердин назиктигиңиздер, акылмандыгыңыздар жана чыдамкайлыгыңыздар менен дүйнө жарык болуп турат.

Кыргызстандын тарыхында да, бүгүнкү күнүндө да айымдардын орду өзгөчө.
Андыктан ар бириңиздер – Кыргызстаныбыз үчүн зор күчсүздөр.

Аял үй-бүлөнү да, коомду да, мамлекетти да бирдей алып кете алган инсан катары сыпатталып калган. Анткени аялзаты күчтүү болсо – үй бүлө бекем – мамлекет күчтүү болот.

Сиздерге бекем ден соолук, бөксөрбөс энергия, үй-бүлөлүк бакубаттуулук жана чексиз бакыт каалайм. Ар дайым жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпей, жүрөгүңүздөрдө кубаныч, жашооңуздарда ийгилик коштоп жүрсүн!", - деп куттуктады Айгүл Жапарова.