Тоолуу аймактарда кар жааган күн өзүнчө бир дүйнө, бир аалам. Аппак кар тоо этектерине оролуп, жымжырт табиятка жаңы өң, жаңы түс берет. Айыл тургундары таң менен кошо кар баскан короолорун шыпырып, күндүн алгачкы нурларын тоолордун арасынан тосуп алышат.
Кыштын катаал шартына карабай, малчылар мал-жанын кароого чыгарып, күнүмдүк тиричилиги уланат. Кар каптаган тоо жолу бирде жука туманга оролуп, бирде жаркыраган күн алдында күмүштөй жалтырап, жаратылыштын кооздугун жана күчүн бирдей чагылдырат.
"Кабар" агенттигинин сүрөтчүсү бул фотобаянда тоолуу аймактардагы жашоого кардын кантип өң берип, ал жердеги адамдардын, жаныбарлардын күнүмдүк турмушу менен жаратылыштын гармониясын кандайча айкалыштырарын көрө аласыз.