Бишкек, 17.05.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “ПолитКлиника” басылмасына берген маегинде апасынын насааттарын эскерди.
Өлкө башчысынын айтымында, апасы дайыма адамдык сапатты жана ак ниетти биринчи орунга коюуну үйрөтчү.
“Эч качан бирөөнүн алба, эч кимге жамандык кылба. Жамандык кылсаң, Кудай баарын көрүп турат. Анын кесепети сөзсүз өзүңө кайтып келет. Өзүңө тийбесе, балаңа тиет, балаңа тийбесе, неберең аркылуу кайтып келет деп көп айтчу”, - деп эскерди президент апасы тууралуу.