Бишкек, 07.07.26 /Кабар/. Өзбекстандын Анжиян шаарынын тургуну бир учурда беш ымыркайды жарык дүйнөгө алып келди. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине таянып, Repost.uz басылмасы билдирди.
Маалыматка ылайык, балдар кесарево жолу менен мөөнөтүнөн мурда төрөлүшкөн. Алар салмагы 1450, 1605, 1495, 1585 жана 1205 граммды түзгөн үч кыз жана эки уул.
Ымыркайлар менен эненин абалы жакшы. Алар учурда медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө болууда.