Бишкек, 04.03.26 /Кабар/. Антарктиканын табигый чөйрөсү дүйнөнүн башка аймактарынан агып келген желим калдыктар жана климаттык өзгөрүүлөрдөн улам жапа чегүүдө. Бул тууралуу түркиялык илимпоздордун изилдөөсүнө таянып, Anadolu агенттиги билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, 10-Коомдук Антарктика илимий экспедициясынын координатору профессор Буржу Өзсой континенттин айланасында болжол менен 14 миллион чарчы чакырымга созулган деңиз муздары бар экенин белгиледи. Ал Антарктика менен Арктика дүйнөлүк климаттын негизги “таянычы” экенин белгиледи.
Илимпоздордун маалыматына караганда, микро бөлүкчөлөр менен желим калдыктар негизинен балыктарга жана экосистемага зыян алып келет. Ал эми муз аянттарынын эриши глобалдык климаттык системага терс таасирин тийгизет. Антарктикадагы муз аянттарында дүйнөдөгү таза суунун болжол менен 70% сакталып турат.
Экспедиция учурунда куш тумоосу сыяктуу ооруларга да көңүл бурулду. Илимпоздор коопсуздук чараларын колдонуп, өлгөн же ооруп калган канаттууларды да текшеришти. Ошондой эле пластик калдыктарды чогултушту.
Мындан тышкары, Антарктика сууларында бүкүр киттер байкалган. Учурда алардын миграциялык жолдору изилденип жатат. Бул маалыматтар океандардын экосистемалык байланыштарын түшүнүүгө жардам берет.