Антарктидада абанын рекорддук төмөнкү температурасы катталды

Дүйнө Загрузка... 17 Февраль 2026 17:50
WhatsApp Image 2026-02-17 at 08.47.40.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. Антарктидада абанын рекорддук төмөнкү температурасы катталды. Бул тууралуу Россиянын Гидрометеорологиялык борборунан билдиришкенин, Известия жазды.

Маалыматка караганда, 15-февралда Россиянын Антарктидадагы "Восток" станциясы акыркы 24 сааттын ичинде планетадагы эң төмөнкү абанын температурасын каттаган. Анда абанын температурасы -55,8 градуска чейин жеткен.

Антарктикада жай болгондо, бизде кыш болот. Планетадагы эң суук жерде азыр жай. Антарктидадагы жай Якутиядагы кышка караганда алда канча суук.

Мындан тышкары, дүйнөдөгү эң суук күндүзгү температуралардын алдыңкы үчтүгүндөгү эки жер Россияда. Чукоткадагы Илирней айылында термометр -52 градуска чейин төмөндөдү, ал эми Якутиянын Оймякон шаарында -48,9 градус катталды.