Бишкек, 07.07.26. /Кабар/. Аномалдуу ысык толкундары адамдын ден соолугуна, өзгөчө кары-картаңдарга, кош бойлууларга, кичинекей балдарга, ошондой эле жүрөк жана бөйрөк өнөкөт оорулары бар бейтаптарга олуттуу коркунуч туудурат. Бул тууралуу жогорку температуранын организмге тийгизген таасирин изилдеген бир катар илимий эмгектердин жыйынтыгына таянып АЗЕРТАЖ билдирет.
Изилдөөлөргө ылайык, ысыкта организм өзүн муздатууга аракет кылып, канды теринин бетине багыттайт. Мунун кесепетинен жүрөккө күч келет. Ошол эле учурда тердөө күчөп, дене суусузданат, кан коюуланып, тромбдордун пайда болуу коркунучу жогорулайт. Мындан тышкары, суу-туз балансын жөнгө салуучу бөйрөктүн иштеши да оорлошот.
"Швециянын Умео университетинин окумуштуулары иштеп чыккан моделге ылайык, абанын температурасы 21,7 градустан баштап эле адам өлүмүнүн көрсөткүчү өсө баштайт. Ал эми ар бир кийинки градус бул көрсөткүчтү 1,8 пайызга жогорулатат", - деп айтылат маалыматта.
Эгерде абанын температурасы катары менен үч күн бою 27 градус деңгээлинде кармалса, өлүм көрсөткүчү кадимкиден 10 пайызга жогору болот. Ал эми температура 30 градуска жеткенде, бул көрсөткүч 20 пайызга чейин өсөт.
Nature журналында жарыяланган изилдөөгө ылайык, 2022-жылдын жайында Европада аномалдуу ысыктан улам 61 миңден ашуун адам каза болгон. Швецияда 2018-жылдын аптаптуу жайында өлүм көрсөткүчү орточо деңгээлден 700 адамга көп болсо, жакында эле Францияда бир жуманын ичинде кадимки көрсөткүчтөн 2 миңден ашык өлүм учуру катталган.
Окумуштуулардын айтымында, ысык толкундары аяктагандан кийин өлүм көрсөткүчү дароо кадимки калыбына келет. Бул аптаптын курмандыктары тез арада көз жумчу оор дартка чалдыккандар гана эмес, экстремалдык ысык болбосо өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон адамдар экенин айгинелейт.