Англиянын 51 пайыз аймагы кургакчылык зонасы деп жарыяланды

Дүйнө Жүктөлүүдө... 31 Июль 2026 12:40
cm7.jpg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 31.07.26. /Кабар/. Англиянын аймагынын жарымынан көбү рекорддук деңгээлде аз жаан-чачын жана жай мезгилиндеги төртүнчү ысык толкундан улам расмий түрдө кургакчылык зонасы деп жарыяланды. Бул тууралуу Euronews`ка шилтеме берүү менен Казинформ жазды.

Улуу Британиянын Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин маалыматына ылайык, кургакчылык режими өлкөнүн жети аймагында киргизилип, Англиянын аймагынын болжол менен 51 пайызын камтыйт.

Бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, июль айында өлкө боюнча жаан-чачындын көлөмү айлык норманын болгону 7 пайызын, ал эми түштүк аймактарда 1 пайызын гана түзгөн.

Кургакчылыктан улам дарыялардагы суунун деңгээли төмөндөп, фермерлер түшүмдү мөөнөтүнөн мурда жыйноого аргасыз болууда. Ошондой эле токой өрттөрүнүн коркунучу күчөп, миллиондогон тургундар суу пайдаланууга байланыштуу чектөөлөргө туш болууда.

Met Office метеорологиялык кызматынын маалыматына ылайык, июль айындагы орточо температура климаттык нормадан болжол менен 3 градуска жогору болгон.