Бишкек, 18.03.26 /Кабар/. Англия банкы жакынкы айларда 446 кызматкерин кыскартууну пландап жатат. Бул жалпы штаттын болжол менен 8%ын түзөт. Бул тууралуу Известия кабарлады.
Маалыматта белгиленгендей, бул чечим чыгымдарды азайтуу жана түзүмдү оптималдаштыруу максатында кабыл алынган. Кыскартуулар негизинен ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт. Анын алкагында жогорку кызматтагы жетекчилер, бөлүм башчылары жана директорлор да иштен кетиши мүмкүн.
Кызматтан өз ыктыяры менен кеткендердин ичинен 75 адамга 150 миң фунт стерлингден (200 миң доллар) турган эң жогорку компенсация төлөнүп берилет. Орточо төлөм 81 миң фунтту түзөт, ал эми жалпы компенсациянын суммасы болжол менен 36 млн фунтка жетет.
Банк бир жолку чыгымдарга карабастан, бул чаралар кийинки каржы жылында 35 млн фунт үнөмдөөгө мүмкүндүк берет деп күтүүдө. Бул өзгөрүүлөр текшерүүдөн кийин башталган ири модернизациянын бир бөлүгү болуп саналат. Аудит учурунда банктын эскирген технологияларын жана экономикалык моделдерин жаңыртуу зарылдыгы аныкталган.
Банк өкүлдөрү белгилегендей, бул реформалар узак мөөнөттүү трансформация программасынын алкагында жүргүзүлүп, мекеменин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.