Америка 66 эл аралык уюмдан чыкты

Дүйнө 8 январь 2026 12:11
Америка 66 эл аралык уюмдан чыкты

Бишкек, 08.01.26. /Кабар/. АКШ президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттардын 66 эл аралык уюмдан чыгуусун шарттаган меморандумга кол койду. Бул тууралуу Ак үйдүн маалыматына таянып, РИА Новости жазды.

Бүгүн президент Дональд Трамп мындан ары Американын кызыкчылыктарына кызмат кылбаган 66 эл аралык уюмдан Кошмо Штаттардын чыгуусун шарттаган президенттик меморандумга кол койду", — деп айтылат администрациянын билдирүүсүндө.

Билдирүүдө такталгандай, меморандум АКШнын бардык аткаруучу департаменттерине жана агенттиктерине БУУнун тутумуна кирбеген 35 уюмга, ошондой эле БУУнун 31 түзүмүнө катышууну жана аларды каржылоону токтотууну тапшырат.