Алжирдин 52 провинциясында мектептер эки күнгө жабылды

Дүйнө Загрузка... 29 Январь 2026 09:08
f26d8c58-5d28-41c8-8056-8597103ded12.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.01.26. /Кабар/. Алжирдин 52 провинцияда мектептер катуу бороонго байланыштуу эки күнгө жабылды деп билдирди Anadolu агенттиги.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн Билим берүү министрлиги бул чечим Ички иштер министрлиги тарабынан чыгарылган шашылыш метеорологиялык эскертүүнүн негизинде кабыл алынганын айтты. Бул окуучулар, мугалимдер жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылууга багытталган алдын алуу чараларын чагылдырат.

Синоптиктердин айтымында, шамалдын ылдамдыгы 120 км/саатка жетиши мүмкүн.

Жарандык коргонуу департаменти коомчулукка кайрылуу жасап, тургундарды сак болууга чакырды.

"Гарри" бороону Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африканын айрым жерлерине, анын ичинде Марокко, Тунис, Ливия, Египет жана башка жерлерге таасирин тийгизди.